Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2017-жылы туулган Т.Э. аталган дарыяга 20-апрель күнү түшүп кеткен. Учурда аны 16 куткаруучу, 100 жергиликтүү тургун издеп жатат.