Ошто ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ишканасында түрдүү продукциялар иштелип чыгууда

Ошто ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ишканасында түрдүү продукциялар иштелип чыгууда

Ошто ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ишканасында бир канча түрдүү продукциялар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Дыйкан» түштүк үйрөтүү өндүрүштүк ишканасында 42 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иштөөдө.

Ишканада жүрүп жаткан иштер менен Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саипжан Турдуев таанышып, чыгарылган продукцияны мекеме-ишканаларга сатып алуу сунушун берди.

«Ар дайым ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарыбыз матрастан тартып, төшөккө чейин тигип жатышат. Тазалык, РЭС сыяктуу ишканалардын кызматтык формасын да буюртма менен тигип беришет. Мындан тышкары стол, стул, керебеттерге чейин сапаттуу жасалууда. Шаардагы мекеме-ишканалар мыйзамдуу түрдө ушул ишкананын продукциясын алса болот. Анткени мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга колдоо болот»,- деди Турдуев.

Бүгүнкү күндө аталган ишканада матрастар, жаздык, төшөк, шейшеп, кызматтык атайын кышкы кийимдер тигилип, стол, стул, керебеттер жасалууда. Чыгарылган продукцияны Баткен жана Ош облусундагы ишканалар алып кетишет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>