Ошто депутат пародистти ыры үчүн “зордуктайм” деп коркутту – видео  

Ошто депутат пародистти ыры үчүн “зордуктайм” деп коркутту – видео  

Ырчы, пародист Жаныбек Аттокуров “Араван” цемент заводу тууралуу тамашалуу ыры үчүн ага коркутуулар болуп жаткандыгын айтып чыкты.

Анын билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланып, Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаев коркутканын айткан. 

Буга байланыштуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасап, жардам сураган. 

Жарыяланган видеодон ырчыны оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, үйүн өрттөп, өзүн “зордуктайбыз” деп коркутканын угууга болот. 

Бул   окуя боюнча Ош облустук милициясына кайрылганыбызда басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев ырчы милицияга арыз менен расмий түрдө кайрыла электигин билдирди. Бирок интернетке жарыяланган материалдын негизинде бул иш катталып, иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>