Site icon Reporter.kg

Ошто дезинфекциялоо иштерине бардык базарлар жабылды

Ош облусунда дезинфекциялоо үчүн бардык базарлар жабылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иши борбордук базарда, «Келечек», «Тешик-Таш» базарларында жана бардык кичи райондордогу базарларда жүрүп жатат.

«Күн сайын санитардык-эпидемиялык норма жана тартип боюнча бардык базарларда текшерүү иши жүрүүдө», — деп билдирди мэриядан.

Exit mobile version