Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында жер көчтү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 14-март күнү саат 09:00 чамасында Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесинде 2 жерден жер көчкү түшкөн (көлөмдөрү болжол менен 110 м3 жана 35 м3). Жабыркагандар жок. Турак үйлөргө коркунуч жок жана зыян келтирилген эмес.