Site icon Reporter.kg

Ошто эки ирет жер титирөө орун алды

Ош облусунун Алай районунда эки ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 17:39да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Ак-Босого айылында-3 балл, Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында-2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 7-май күнү саат 01:45те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Алай районунун Эркештам айылында 3 балл, Нура, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version