Site icon Reporter.kg

Ошто эки кишинин тарапташтары мэрликти талашууда

Ош шаарында Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары мэрияга жаалданып кирип, анын кызматта калуусун талап кылып жатышат. Сарыбашов мэрияга өзү да келип, журналисттерге маалымат берди. Ал эми кече өзүн калаа башчы катары жарыялаган Дүйшөн Төрөкулов имараттан чыгып, аянттагы эл менен жолугууда.

6-октябрда Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты бир добуштан Сарыбашовду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок Сарыбашов депутаттар жыйынга аны чакырбаганын жана бирөөнүн буйругун аткарганын билдирип чыккан. Кийинчирээк Сарыбашов Дүйшөн Төрөкуловго кызматын өткөрүп бергени тууралуу маалымат тараган.

Ал эми Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү чет өлкөдөн Ошко кайтып келген. Буга чейин Оштогу митингдин айрым катышуучулары Мырзакматовдун кайрадан мэр болуусун талап кылып жатышкан.

Exit mobile version