Ош облусунда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиялардан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-августта УКМК кызматкерлери аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнө — А.О. жана М.М. аттуу жаранга Кыргызстанда «Хизб ут-Тахрирдин» ишмердигине тыюу салынганы, анын идеяларын тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Жыйынтыгында алар экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз