Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы Б.М. аттуу жаран 14-ноябрь кармалган.
«Ал жаран «Инстаграм» социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда