Ошто электробустарды чыгара турган «Кыргыз унаа курулуш» заводу ачылды — сүрөттөр

Ошто электробустарды чыгара турган «Кыргыз унаа курулуш» заводу ачылды — сүрөттөр

Ош шаарында электробустарды чыгара турган «Кыргыз унаа курулуш» заводу ачылды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, завод өз ишин баштады.

Аталган ишкана ишке кириши менен 500гө чейин жумуш орундары түзүлдү, ал эми курулуш иштеринин экинчи этабы бүткөрүлүп, завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.

Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү  шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби даярдалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек жамааты менен болгон баарлашууда ишкананын ишмердүүлүк масштабына купулу толгонун билдирип, өлкөдө мындай завод биринчи жолу курулуп жатканын баса белгиледи.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 млн доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

[su_image_carousel source=»media: 31007,31008,31009,31010,31011,31012,31013,31014″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>