Site icon Reporter.kg

Ошто эне 5 баласы менен иске ууланып, бир уулу каза болду

Ош шаарында эне 5 баласы (3 кыз, 2 уул) менен көмүрдүн исине ууланып, бир уулу каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, иске ууланган 32 жаштагы эне менен балдары 1-февралда Ош шаардык жана Ош облустар аралык балдар ооруканасына түшкөн. Тилекке каршы 2020-жылы туулган уулу каза болуп калган. Балдардын апасы жана калган балдары учурда ооруканада дарыланууда.

Аталган факт милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалымат боюнча, келин менен балдары көмүрдүн исине ууланган.

Exit mobile version