Ошто ички иштер органдарын гарнизондук саптык кароосу өттү

Ошто ички иштер органдарын гарнизондук саптык кароосу өттү

Ош шаарынын борбордук аянтында ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде  Ош шаарында жайгашкан ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Иш-чаранын максаты шайлоо жана референдумду өткөрүү күнүнө утурлай жана маанилүү саясый иш-чарага карата коомдук коопсуздукту сактоо боюнча укук коргоо органдарынын даярдыгын текшерүү.

Тартип сакчыларына шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча нускамалар берилип, милдеттери жана укуктары түшүндүрүлгөн.

Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков өздук курамдан бул күндөрү мыйзамдуулукту сактап, шайлоо өнөктүгү учурунда аныкталган, келип түшкөн ар бир маалыматтарга тез арада, өз убагында көӊүл буру зарылдыгына токтолуп, жеке кызматтык тартипти сактоону талап кылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>