Ошто инспекторлор терезелерин караңгылатып алган айдоочуга протокол түзгөн эмеспи? (видео)

Ошто инспекторлор терезелерин караңгылатып алган айдоочуга протокол түзгөн эмеспи? (видео)

Ошто автоунаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуга административдик протокол түзбөй кое берди делген Ош шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Инспекторлордун айдоочу менен эмес, жүргүнчү менен баш тийиштире учурашып, жол эрежесин сактабаган унаа ээсин көз жаздымда калтырган учурун жүргүнчүлөр видеого тартып алышкан.

Ош шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуя 19-октябрда болгондугу тууралуу Vesti.kg сайтына маалымат берген.

“Видео тасмадагы көк түстөгү БМВ үлгүсүндөгү автоунаанын ээсине айдоочулук күбөлүксүз транспорт каражатын башкаруу, жасалма мамлекеттик номур менен унааны башкаруу, кызматкерлердин унааны токтотуу талабын аткарбоо жана тересези караңгылатылган унааны башкаруу беренелерин бузуу боюнча протокол түзүлгөн. Учурда автоунаа автоунаа айып короого токтотулган», — деп билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>