Site icon Reporter.kg

Ошто изделип жаткан кишинин жансыз денеси табылды

Ошто 55 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-август күндөн бери ИИМ кызматкерлери тарабынан изделүүдө жүргөн 1967-жылы туулган М.Ш. аттуу эркек киши Южный кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришкен.

18-август күнү каналдын жээктерин издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, саат 14:40та жансыз денеси куткаруучулар тарабынан суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version