Site icon Reporter.kg

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 2-февраль күнү саат 13:40тар чамасында катталган. Анын очогу Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагынан орун алып, күчү 3,5 баллга чейин жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version