Ошто көчөдө бараткан жаш жигитти бычактап өлтүрүп кетишти

Ошто көчөдө бараткан жаш жигитти бычактап өлтүрүп кетишти

Ошто көчөдө бараткан 20 жаштагы жигитти бычактап өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 19-ноябрь күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жаш жигитти бычактап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы барганга чейин каза болгон.

Милиция факты боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөнү башташкан.

Анын алкагында маркум 2000-жылы төрөлгөн, Кара-Суу районунун У.уулу Н. аттуу тургуну экени аныкталган.

Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында, 20-ноябрда шектүү катары Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштеген, 27 жаштагы Р.А. аттуу коңшу мамлекеттердин биринин жараны кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмышты моюнуна алып, маркум экөө көчөдөн түртүшө кетип, кайым айтышуунун аягында жанында алып жүргөн ашкана бычагы менен сайып жибергенин айткан.

Ошондой эле ал мас абалында болгондуктан коркуп кетип жардам бербестен качып кеткендигин билдирген.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>