Site icon Reporter.kg

Ошто качып кеткен аскер кызматкери кайтып келди

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын билдиришинче 4-сентябрь күнү Оштогу 36806 аскер бөлүгүнүн ефрейтору өзүм билемдик менен аскер бөлүгүн таштап чыгып кеткен. Бирок бир күндөн кийин 5-сентябрда кайра аскер бөлүгүнө кайтып келген.

“Бул окуя боюнча азыр териштирүү жүрүп жатат. Аскер кызматкери менен Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта. 

 

Exit mobile version