Site icon Reporter.kg

Ошто каналга түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

Ош шаарынын Озгур айылынан өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жаран А.у.Т. (2004-жылы туулган) 12-июль күнү каналга түшүп кеткен. Издөө иштерине жалпы 68 адам, анын ичинде ӨКМдин 38 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкер жана 20 жакын тууганы катышкан.

Exit mobile version