Site icon Reporter.kg

Ошто каракчылыкка, экстремизмге шектүү 11 адам кармалды

Ош шаарында ШИИБдин кызматкерлери, атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан 11 адам кармалып, 9 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган 9 адамдын үчөө мурда каракчылык жана террордук ишке көмөктөшүү үчүн издөөдө болгон.

Алар жашаган үйлөрдөн бир нече куралдар, жарылуучу заттар, бронежилеттер жана  ок-дарылар алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version