Site icon Reporter.kg

Ошто көмүрдүн баасы 7 миң сомго жетти

Ошто көмүр сатуучу 15 пункт ачылып, андагы баа 6 миң сомдон 7,5 миң сомго чейин жетет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынында айтылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

“Ошто 15 жерде көмүр сатуу пункттары уюштурулган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, шаар калкына жылуулук берүү мезгилинде 22,6 миң тонна көмүр керек болсо, учурда анын 18,75 миң тоннасы даярдалып, 82,9%ды түздү. Бир тонна көмүрдүн баасы сапатына жараша 6-7,5 миң сом. Шаардын ар бир муниципалдык аймактык башкаруусунда 2ден, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 3 пункттан көмүр сатуучу пункттар ачылган”, — деп белгиледи вицемэр.

Өз кезегинде шаар мэри Алмаз Мамбетов Монополияга каршы кызматка көмүрдүн баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү иштерди баштоону тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version