Site icon Reporter.kg

Ошто көмүрдүн килограммы 5 сомдон сатылган жайлар ачылды. Даректери

Ош шаарынын мэриясы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Аталган жайларда көмүрдүн килограммы 5 сомдон сатылууда.

Арзан баадагы көмүр сатылган жайлардын даректери:

— «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгы, С.Айни көчөсү, №80;

— «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дача кичи району);

— «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов көчөсү, №13.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version