Ошто коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Ошто коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү. Ищ-чарага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана кайгуул милиция катышты.

Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга эскертүүлөр берилген.

Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктерге жана жүргүнчүлөрдүн беткап кийүү тартибине көңүл бурулган.

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>