Ошто коронавируска чалдыккан келин өз өмүрүн кыйды

Ошто коронавируска чалдыккан келин өз өмүрүн кыйды

Ошто коронавирус жуктуруп алып ооруканада дарыланып жаткан аял өз жанын кыйды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 34 жаштагы келин 1-июль күнү Ош шаардык ооруканасынын 3 кабатынан боюн таштаган. Ал алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Маркум 25-июнда жаңы төрөгөн. 29-июнда коронавирус оорусу менен каттуу жабыркап ооруканага келген.

Учурда укук коргоо жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери бул кайгылуу окуяны иликтеп жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>