Site icon Reporter.kg

Ошто коронавирустан 47 жаштагы аял каза болду

Ош шаарында коронавирустан улам 47 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Каза болгон бейтап илдетти жуктуруп алгандан кийин Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан.

Ушуну менен республика боюнча коронавирустан жалпы 24 бейтап каза болду.

Exit mobile version