Site icon Reporter.kg

Ошто коронавирустан 48 жаштагы бейтап каза болду

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустар аралык ооруканасынан 1972-жылы туулган эркек киши көз жумду.

Жалпы каза болгондордун саны 42 кишини түздү.

Exit mobile version