Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн адамдын кайненеси дагы каза болду

Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн адамдын кайненеси дагы каза болду

Ошто күйөө баласы тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн 48 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Кайненесин сабаган күйөө баланын токмогунан бир апта мурун шектүүнүн кош бойлуу аялы дагы каза тапкан.

Милициянын маалыматына караганда окуя 20-октябрь күнү болгон. Шектүүнүн аялы окуя болгон жерде каза болгон, кайненеси оор абалда шаардык ооруканага жеткирилген. Бирок ал 27-октябрь күнү алган жараатынан улам көз жумган.

Шектүү 22-октябрда Бишкек шаарынан кармалып, Ош шаардык соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>