Ошто куткаруучулар зоопарктан качкан маймылды кармап беришти – сүрөт

Ошто куткаруучулар зоопарктан качкан маймылды кармап беришти – сүрөт

Ош шаарында куткаруучулар зоопарктан качкан маймылды кармап беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-февраль күнү саат 22:00дөр чамасында Ош шаарында Навои эс алуу паркындагы зоопарктан маймыл качып чыгып кеткен. Кийин Загородный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен табылган.

Ал жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары маймылды кармап, ээсине өткөрүп беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>