Site icon Reporter.kg

Ошто жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 27-майда саат 19:24тө Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында — 3,5 балл, Кара-Дыйкан, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында — 3 балл, Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында — 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version