Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, ондогон курал-жарак табылды — сүрөт

Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, ондогон курал-жарак табылды — сүрөт

Ошто кылмыштуу топтун 23 мүчөсү кармалып 10 ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ош шаарында жана Ош облусунда «Кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү» фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн  жашаган жерине санкцияланган тинтүүлөр жүргөн.

Анын натыйжасында АК-47 үлгүсүндөгү 2 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги «ТОЗ-34» маркасындагы 2 көзөнөктүү мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы өз колу менен жасалган мылтык (кесилген), ТОЗ-16 маркасындагы мылтык, 15 бычак, 2 жезден жасалган кастет жана көп сандагы патрон табылган. 

Улуттук коопсуздук комитети бул аракет менен криминалдык элементтердин облустардагы коомдук-саясий кырдаалга таасирин тийгизүүсүн алдын алынганын билдирди.

Ошондой эле учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жаткандыгын кошумчалашты. 

[su_image_carousel source=»media: 46761,46760,46759,46758″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>