Ош шаарында кытайлык «Хунань Цзюнсин» ишканасы тарабынан таштанды калдыктарын кайра иштетүүчү экологиялык завод курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, кечээ, 14-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аталган кытайлык ишкананын башкы директору Дай Даогуо жетектеген делегацияны кабыл алган.
Жолугушууда тараптар экологиялык багыттагы ири инвестициялык долбоорду, тактап айтканда таштандыларды күйгүзүү жолу менен электр жана жылуулук энергиясын өндүрө турган заманбап завод куруу долбоорун талкуулашкан.
«Бул долбоор ишке ашса, Ош шаарын кыш мезгилинде жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт, экологиялык абал жакшырат, ошондой эле заманбап технологиялар тартылып, жаңы жумуш орундар түзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.
Долбоорго ылайык, завод күнүнө 2000 тоннага чейин таштанды иштетип, 50 мегаваттка чейинки электр энергиясын өндүрө алат.
Жолугушуудан кийин делегация завод курула турган аймакты жеринен көрүп чыгып, өз пикирлерин жана сунуштарын ортого салышкан.