Окуя 12-апрелде болгонун Ош ШИИБи кабарлады.
Кызыл сызыкка чыгып кеткен үйдү буздуруу иштери жүрүп жатканда үйдүн ичиндеги 6-класстын окуучусунун башына жана колуна кирпич түшүп, ооруканага кайрылган.
“Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлгөн. Жеринде иш алып барган мэриянын кызматкерлери суракка чакырылып, экспертизалар дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.