Site icon Reporter.kg

Ошто Лениндин эстелиги алынып, коомчулукта кызуу талкуу жаралды

Ленин

Ленин

Ош шаарынын борбордук аянтында Владимир Лениндин эстелиги алынды. Бийликтин коомдук талкуусуз кабыл алган бул чечими коомчулуктун пикирин экиге бѳлдү.

Эстеликти алууну колдогондор монументти совет доорунун калдыгы деп атап, анын ордуна Кыргыз тарыхындагы белгилүү аялзат ишмерлерине, мисалы, Курманжан Даткага арналган эстелик орнотууну сунушташууда.

Ага каршы чыккандар, анын ичинде саясатчы Амантур Манапбаев да, эстеликти алууну «тарыхты жок кылуу» деп эсептешет. Алар Лениндин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү ролун белгилеп, мындай маселелер жарандардын катышуусусуз чечилбеши керектигин баса белгилеп, коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылышууда.

Учурда борбордук аянттын мындан аркы тагдыры жана жаңы эстеликти орнотуу маселеси коомчулукта кызуу талкууланууда.

Exit mobile version