Site icon Reporter.kg

Ошто Лениндин эстелигинин жанында фонтандар салынат

Ошто жаңы эс алуучу жайлардын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоор боюнча борбордук аянтта Лениндин эстелигинин эки тарабында фонтандардын курулушу жана Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактагы жайкы театрды оңдоп-түзөө каралган. Курулуш иштери келерки жылы аяктайт.

«Эске салсак, аталган курулуштар Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» беш долбоордун алкагында ишке ашууда», — деп билдиришти мэриядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version