Site icon Reporter.kg

Ошто Чек ара кызматынын аскери каза болду

Ошто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын аскери каза болду. Бул тууралуу маалыматты мекеме ырастады.

Алардын билдирүүсүндө, кырсык 6- декабрь күнү болгон. 18 жаштагы жоокер АК-74 автоматынан өзүн кокус атып алган.

“Ага жардам көрсөтүү аракетине карабай, жоокер аскер бөлүгүндө көз жумду”, — дейт Чек ара кызматы.

Белгилей кетсек, 9-ноябрь күнү Баткен облусунда чек ара кызматкери спорттук мелдеш учурунда алган жаракаттан набыт болгон.

Баткенде чек ара кызматкери каза болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version