Ошто Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапкерлеринин тынч акциясы аяктады.
Шаардын борбордук аянтында өткөн акциянын уюштуруучулары өздөрү ага 15 миңдей адам чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар 5 миңдей адам болгонун айтышты. Милиция бул митингге катышкандардын саны тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Чогулгандар Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылышты.
Митингге катышкандар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдор каржылаган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан талапкер катары катышкан Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Илхом Маннамов жана Искендер Матраимов болушту.
Коррупцияга айыпталып келаткан Райымбек Матраимовду УКМК алгач кармаганда ал тергөө менен кызматташып, күнөөнү моюнуна аларын айткан. Анын натыйжасында 2 млрд. сом кенемтени мамлекетке кайтарган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Соттун мындай чечимине коомчулуктун нааразылыгынан кийин президент Садыр Жапаров Матраимовго байланыштуу иштер дагы улантыларын айткан.
18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган. Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.
АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.
Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.
2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Буга ал өнөктүк ыплас өткөнү, алдыга чыккан партиялар добуштарды сатып алганы себеп болгону айтылган.