Ошто мечиттерде уурулук кылып жүргөн адам кармалды

Ошто мечиттерде уурулук кылып жүргөн адам кармалды

Ош шаарында мечиттерге кирип, намазга келгендердин акча жана баалу буюмдарын уурдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан 9 адам мечиттен буюмдарын жоготуп милицияга кайрылган.

“29 жаштагы шектүү Ош шаарында жашап Жалал-Абад, Өзгөн шаарларына, Кочкор-Ата шаарчасына, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондоруна барып мечиттерден уурдаган буюмдарды сатып тиричилк өткөрүп келген. Ал  баштапкы көрсөтмөсүндө кылмыш менен жан багууга үйрөнүп калганын, бирок бир күнү кармаларын билип жүргөнүн айткан”, — деп жазылат маалыматта.

Шектүү өткөн жылы тоноо жана жаза өтөө мекемесинен качуу беренелери боюнча жаза өтөп келген.

Ош шаардык сотунун чечими менен шектуу эки айга камалып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>