Ош шаарында мектептен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Керме-Тоо орто мектебинин биринчи кабатында өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө министрликтин №12 Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылган.
Өрт саат 11: 55те чектөөгө алынып, 12:01де толугу менен өчүрүлгөн. Өрт электр чубалгыларын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.