Ошто муктаждарга азык-түлүк таратылды

Ошто муктаждарга азык-түлүк таратылды

Ош шаарында жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө  азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Бадр» мечитинин имам хатиби Аскарали Акимбай уулунун демилгеси менен Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылган.

Ошондой эле демилгени уккан эл колдоо көрсөтүп, муктаждарга майрамдык маанай тартуулашкан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>