Ош шаарында жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Бадр» мечитинин имам хатиби Аскарали Акимбай уулунун демилгеси менен Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылган.
Ошондой эле демилгени уккан эл колдоо көрсөтүп, муктаждарга майрамдык маанай тартуулашкан.