Ошто мурдагы милиция кызматкери миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто мурдагы милиция кызматкери миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош облуусунда мурдагы милиция кызматкерин жарандан 1 миң доллар акча алып жаткан учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кармады.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, ИИМдин Оштогу башкармалыгынын кызматкеримин деген адам жарандан 1000 доллар талап кылганын арызда көрсөткөн.

Финполициянын кызматкерлери бул фактыны аныктоо үчүн алдын ала миң доллар камдашкан. Акча талап кылган мурдагы милициянын кызматкери 1 миң долларды банкттык эсебине которуусуну талап кылган. 16-январда арыздануучу ал сумманы банк аркылуу которгон. С.Б. аттуу жаран Ош шаарындагы банктардын биринен 69 миң 750 сомду алып кетип бара жаткан жеринен кармалды.

Акчаны бербесе ага кылмыш ишин козготуп, жоопкерчиликке тарттыра турганын билдиргенин белгилеген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп, өзүн мурдагы милиция кызматкеримин деп тааныштырган адам Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>