Ош облусунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого шектелип Кытайдын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар дарыядан балыкты атайын электрондук балык уулоочу шаймандарды колдонуп, кармап жаткан жеринен «Карим-Ата» ЖЧКсынын эгерлери тарабынан кармалган.
Бул факты боюнча тиешелүү тартипте административдик протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.