Site icon Reporter.kg

Ошто мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды (видео)

Ош шаарында мыйзамсыз кумаркана аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кумарканада 27-апрелде тинтүү иштери жүрүп, 327 миң сом акча жана 16 компьютер табылып алынган.

Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Ж.А. аттуу жарандан 597,2 миң сом, 4 миң 800 доллар, 4 миң рубль жана 4 процессор табылган.

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумароюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version