Site icon Reporter.kg

Ошто окуучуларды «мал», «селсаяк» деп кемсинткен мугалим ишке кайтып келген

Ош шаарында 1-класстын окуучуларын «мал» деп тилдеп, кол көтөргөнү үчүн жумуштан кеткен мугалим кайрадан мектепке ишке алынган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы институту билдиргендей, 2022-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы мектептердин биринде У.И. аттуу мугалим биринчи класстын окуучусун (Г. И. аттуу аялдын уулу) «мал» жана «акмак» деп тилдеп, аны бетке чапкан. Ошондой эле, класстагы балдарды «жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор» деп урушкан. Мунун баары окуучу баланын смарт-саатына жазылып калган. Үн жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан. Үн жазуу социалдык тармактарга да тарап кеткен. Окуя резонанс жаратып, башка окуучулардын ата-энелери да нааразылыгын билдирип чыгышкан. Бул окуядан кийин мугалим У.И. 30-сентябрда жеке арызы менен жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

Арадан жарым жыл өткөндөн кийин, 2023-жылдын 4-апрелинде балдарды тилдеген мугалим мектепке кайтып келип, иштей баштаган.

Аталган фактыга окуучунун апасы Г.И. нааразы болуп, адегенде мектеп жетекчилигине кайрылып, алардан аракет болбогондон кийин Акыйкатчы институтуна кайрылган.

«Акыйкатчы институту 2023-жылдын май айынан бери Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакырган.

Бирок август айынын соңуна чейин жооп болгон эмес. 21-августта министрликтен У. И.ни тажрыйбасын эске алып кайрадан мектепке ишке алышканы айтылган жооп келген. Ошол эле учурда катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта кандай иш алып бара турганы туралуу сөз да болгон эмес. Ал турсун министрлик мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогонун белгилеген», — деп билдирет аталган институт.

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага У. И. аттуу мугалимдин аракетине баа берүүгө чакырып, расмий билдирме жөнөткөн. Бул кайрылуудан кийин Акыйкатчы институтуна прокуратурадан жооп келип, анда У. И. аттуу мугалим мектеп окуучуларын кемсинтүү жана басмырлоо менен Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-беренесин бузганы айтылган.

«Ошондой эле катта 2023-жылдын 1-августунда аталган мектептин директору Б.Ж.га сөгүш жарыяланганы айтылган», — деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Учурда баласын кемсинткен мугалим эски жумуш ордуна кайтып келип, иштеп жаткандыктан эне (Г. И.) балдарын жеке мектепке которууга аргасыз болгон. Ошол эле учурда ал жеке мектепке кирүүдө да маселе жаралууда. Себеби 16-сентябрда Г. И.ге жеке менчик мектептен телефон чалышып, документтерди алып кетүүнү айтышкан. Г. И. билдиргендей, жеке менчик мектептин директору анын балдарын мектепке кабыл алуудан баш тарткан.

«Бизди «Ош шаарындагы бардык мектептердин “кара тизмесине” киргизип салышты деп айтып жатышат» деди. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок директор уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?», — деген эне көзүнө жаш алып ыйлаган.

Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунованын айтымында, балдарды кемсинткен педагогдун мугалим болуп иштөөгө моралдык укугу жок.

«Билим берүү министрлигин педагогдун, ошондой эле шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин аракетине баа берүүгө чакырабыз. Кенже класстын балдарына жаман айтып жана тилдеген, аларды кыйкырып урушкан педагогдун мугалим болууга моралдык укугу барбы?», — дейт Токтосунова.

Акыйкатчы институту Министрлер кабинетин балдардын билим алууга карата укугун сактоону камсыздоого жана баланын укуктарын одоно бузууга жол бергендерге чара көрүүгө, Билим берүү министрлигин балдардын билим алууга карата укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version