Site icon Reporter.kg

Ошто өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды

Ошто өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  17-июлда Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял киши куткарылган.

“Аталган даректе 1973-жылы туулган Т.М. аттуу аял киши бөлмөнүн ичинде кулпуланып алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда аял уктап жатканы аныкталып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы”, — деп жазылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version