Ошто оорукана өрттөнүп, 1 адам жабыркады

Ошто оорукана өрттөнүп, 1 адам жабыркады

Ошто оорукана өрттөнүп, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Өзгөн аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан жеке-менчик клиниканын жыгач устундууу шифер жабылган чатырынан өрт чыккан.

Анын кесепетинен 74 жаштагы карыя II даражадагы күйүк алган, учурда абалы канаттандыраарлык.

Ошондой эле ооруканадан 13 адам  эвакуацияланган.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>