Site icon Reporter.kg

Ошто оорукананын короосунда эки ай жатып табылган маркумдун өздүгү аныкталды

Ош облус аралык биргелешкен ооруканасынын короосунан табылган маркумдун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Малыматка караганда, маркум 49 жаштагы Э.А аттуу Кара-Суу районунун тургуну болгон.  Ал жубайы менен ажырашкан соң үйүнөн чыгып кетип, эч жерде иштебей Ош шаарынын аймагында баш калкалап жүргөн.

Белгилей кетсек, маркумдун сөөгү 26-октябрда табылган. Ал 2 айга жакын убакыттан бери жаткан, эч ким байкаган эмес.

Exit mobile version