Ошто Орусиядан келген жаранга коронавирус илдетин жашырганы үчүн кылмыш иши козголду

Ошто Орусиядан келген жаранга коронавирус илдетин жашырганы үчүн кылмыш иши козголду

Ошто өзгөчө абал киргенден бери үч кишиге коронавирус илдетин жашыргандыгы үчүн иш козголду. Бул тууралуу Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 21-апрель күнү брифингде билдирди.

Ал Калинин массивиндеги маалелердин биринде Орусиядан келген жаран үй-бүлөсүнө коронавирус жугузуп алганын мисал кылды.

«Орусиядан келгенден кийин текшерүүдөн, медициналык кароодон өткөн эмес. Үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Жаап-жашыргандыгы, өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жугузганы тууралуу маалымат толук аныкталып чыкты. Андан сырткары 10 жакын тууганы обсервацияга алынды», — деди Нурдинов.

Учурда бул жаранга карага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>