Site icon Reporter.kg

Ошко өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу перезиденттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Обулстун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда сел жүрүп, бир нече айылдар жабыркады.

Селдин кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда бир киши каза болду. Жол учурда бир тарапка гана ачылды.

Үч райондо бир нече айылдагы үйлөргө сел кирип, жолдорун жууп кетти.

 

Exit mobile version