Ошто пахта жыйноо сезону башалды… Облус жетекчиси дыйкандар менен кошо пахта терип жүрөт (сүрөт)

Ошто пахта жыйноо сезону башалды… Облус жетекчиси дыйкандар менен кошо пахта терип жүрөт (сүрөт)

Ош облусунда дыйкандар пахтанын алгачкы түшүмүн жыйнай башташты. 7-сентябрда Араван районунда өткөн пахта жыйноо сезонунун ачылышына Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышып, дыйкандар менен бирге пахта терди.

Облус жетекчисинин ак этекти мойнуна илип, пахта терип жүргөн сүрөттөрү облустук администрациянын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Соцтармак колдонуучулары жарыяланган сүрөттөрдүн астына жылуу пикирлерди калтырышып, Жылкыбаевди жупуну, элге жакын жетекчи деп аташууда.

Узарбек Жылкыбаев 2018-жылдын июль айында Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматына дайындалган. Ага чейин  Ысык-Көл облусун жетектеп келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>