Ошто сот отурумдарына чектөө коюлду. Залдар дезинфекцияланууда

Ошто сот отурумдарына чектөө коюлду. Залдар дезинфекцияланууда

Ошто сот отурумдарына чектөө киргизилди. Бул тууралуу аталган облусттун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот отурумдарына айыпталуучулар менен алардын жакындары гана киргизилет. Мындай чектөөлөр коронавируска байланыштуу кабыл алынды. Сот имараттары дезинфекцияланды. Сот процесстерине келген жарандарга сөзсүз түрдө беткап менен келиши керек.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 учур катталды. Алардын бардыгы умрадан келгендер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>